Түркиянын демилгесине Россия колдоо көрсөттү

Татьяна Москалькова Россия - Украина согушунда жаңы гуманитардык коридор ачуу демилгеси боюнча : "Бул президент Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси болчу. Албетте, бул абдан маанилүү сунуш",-  деди.

1931954
Түркиянын демилгесине Россия колдоо көрсөттү

Россиянын адам укуктары боюнча жогорку комиссары Татьяна Москалькова Россия - Украина согушунда жаңы гуманитардык коридор ачуу демилгеси боюнча : "Бул президент Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси болчу. Албетте, бул абдан маанилүү сунуш",-  деди.

Маскалькова Коомдук көзөмөлдөө мекемеси КДКнын борбор шаар Анкарада бир мейманканада өткөргөн «21 -  кылымда адам укуктарынын келечеги» деген темада эл аралык конференциядан кийин Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Украинада жаңы бир гуманитардык коридорду ачуу демилгесине байланыштуу суроого жооп берген Москалькова : «Бул президент Эрдогандын демилгеси. Албетте бул абдан маанилүү сунуш. Мунун орундатылышы, бир гана Россия, Украина жана Түркиянын мамлекеттик мекемелеринин келишими менен натыйжалуу болот. Биз да акыйкатчы инструменттерибизди колдонуу менен Россиянын мамлекеттик мекемелери тарабынан чыгарылган чечимдердин алкагында кыймыл кылууга аракет кылууну улантабыз»,- деди.

Россиянын адам укуктары боюнча жогорку комиссары Татьяна Москалькова менен Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец КДК уюштурган эл аралык конференциянын алкагында кечээ эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга башкы акыйкатчы Шереф Малкоч жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Мустафа Шентоп да катышты.

Украина жана Россиянын акыйкатчыларынын Анкарадагы жолугушуусунда гуманитардык маселелерди чечүү үчүн жаңы гуманитардык коридор демилгеси, туткун алмашуу жана жаралуулар күн тартибинен орун алды.



Тектеш кабарлар