Швециянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Элчиге жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГ колдоочуларынын өлкөсүнүн борбор шаары Стокгольмдо президент Эрдоганды да бутага алган террордук пропагандага Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

1931990
Швециянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Швециянын Анкарадагы элчиси Стаффан Херстрем Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Элчиге жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГ колдоочуларынын өлкөсүнүн борбор шаары Стокгольмдо президент Эрдоганды да бутага алган террордук пропагандага Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Херстремге бул аракет катуу айыпталганы жана нааразылык билдирилгендиги катуу сездер менен билдирилди.

Швециянын (Июнь айында Испанияда өткөрүлгөн НАТО саммитинде) Үч тараптуу келишим менен алган милдеттенмелерин ачык бузган жана Түркия ачыктан ачык коркутулуп жаткан мындай террордук актыларга жол бербөө элчи Херрстремден талап кылынды.

Швециялык дипломатка Түркиянын бул кылмыштын күнөөкөрлөрүнүн аныкталып, керектүү чаралар көрүлөөрүн жана Швециянын өзүнө алган милдеттенмелерин аткарышын күткөндөрү да айтылды.



Тектеш кабарлар