Чавушоглу Руандада...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Руандада кесиптеши Винсент Бирута менен жолугушкандан кийин борбор шаар Кигалиде биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1931919
Чавушоглу Руандада...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилигинде кол коюлган дан коридору келишиминде ушул убакка чейин 17 миллион тоннадан ашуун эгин экспорттолгондугун, бул эгиндин 5 миллион тоннасынын түздөн-түз Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнө жөнөтүлгөнүн билдирди.

Чавушоглу: «Дандын 60 пайыздан ашыгы төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөргө кетти, бул чындыгында биздин приоритетибиз болчу»,-деди.

Чавушоглу Руандада кесиптеши Винсент Бирута менен жолугушкандан кийин борбор шаар Кигалиде биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Чавушоглу Руандага ФЕТӨ менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу Руанда башкаруучулугунун ФЕТӨнүн өлкөсүнөн тазаланышы үчүн көп чара көргөнүнө көңүл бурду.

Жыйында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Чавушоглу, Түркия менен БУУнун ортомчулугунда кол коюлган дан коридору келишиминин маанисине басым жасап, мындай деди: «Дан келишими - бул биз БУУ менен ортомчулук кылган келишим. Бул келишимдин аркылуу 17 миллион тоннадан ашык эгин дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 5 миллион тонна эгин түздөн-түз Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Дандын 60 пайыздан ашыгы кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө кетти, чындыгында бул биздин приоритетибиз болчу».



Тектеш кабарлар