Чавушоглу : "Ливия өкмөтү көмүр - суутек келишиминин аркасында экендигин билдирди"

Министр Чавушоглу Африка сапарынын акыркы аялдамасы Руандада күн тартиби тууралуу баа берди.

1931981
Чавушоглу : "Ливия өкмөтү көмүр - суутек  келишиминин аркасында экендигин билдирди"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливия өкмөтүнүн көмүр  - суутек келишиминин аркасында экендигин Түркияга билдиргендигин белгиледи.

Министр Чавушоглу Африка сапарынын акыркы аялдамасы Руандада күн тартиби тууралуу баа берди.

Чавушоглу Триполиде Түркия менен Ливиянын ортосунда кол коюлган көмүр  - суутек  келишиминин аткарылышын токтотуу чечимине байланыштуу Ливиянын улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе менен дароо байланышкандарын айтты.

Бул келишимге 3 -  октябрда  Триполиге жасаган сапарында  кол коюшкандарын эске салган Чавушоглу : «Текст өз ара түшүнүшүү меморандуму. Ливиянын башка өлкөлөр менен кол койгон өз ара түшүнүшүү меморандуму сыяктуу, Ливияда парламенттен өтүүсүнүн кереги жок»,- деди.

Чавушоглу : «Сот аткаруунун токтотулушу тууралуу чечим чыгарды. Натыйжада бул чечим  тактап айтканда акыркы өкүм эмес. Ливия өкмөтү келишимдин аркасында жана керектүү иштерди аткаргандыктарын айтышты. Анткени  Ливия өкмөтү жана мамлекети катары алар үчүн да бул кызматташуу келишими абдан маанилүү. Мунун аркасында экендерин жана жакындан иликтешерин айтышты»,- деди.



Тектеш кабарлар