Сүлейман Сойлу террор менен күрөшүү боюнча маалымат берди
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жеке телеканалдан маалымат берди.
Стамбул Таксимдеги жардырууну пландаган жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террорист Билал Хасанга чет өлкөгө контрабандалык жол менен качууга жардам берген Хазни Гөлге Болгарияда кармалды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жеке телеканалдан берген маалыматында, 13-ноябрда 6 киши каза болгон, 81 киши жараланган Истиклал көчөсүндө болгон жардырууну пландаган Билал Хасанды чет өлкөгө качырган Хазни Гөлге кечээ Болгарияда кармалып Түркияга өткөрүлүп берилгенин айтты.
Террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолгон Сойлу Түркиядагы террористтердин саны 120дан төмөн экенин белгиледи.
Мунай табылган Шырнактын Габар тоосунда жүргүзүлгөн операцияга байланыштуу Сойлу:«Габарда төрт террорист жок кылынды. Алардын экөө боз категорияда болчу. Габар тоосунда 7 террорист болгон, алардын 4ү жок кылынды, азыр 3өө гана калды. Жуди тоосу кынтыксыз тазаланды. Декабрь айында ал жерде 11 террористти таасирсиз кылдык»,-деди.
Түркиянын террор менен күрөшүүдө тарыхта калганын белгилеген ички иштер министри: «Бир гана ПКК/КЖК террордук уюму менен күрөшүп жаткан жокпуз. Сириянын түндүгүндө «Евфрат калканы» операциясы ДЕАШ үчүн өткөрүлдү. ДЕАШ менен да күрөштүк, аны менен бетме-бет кагылышкан жалгыз өлкөбүз. Түркияда, АКШ жана Европага карабастан Фетуллахчы террордук уюмду (ФЕТӨ) чөгөлөттүк»,-деп өз баасын берди.