Чавушоглу Түштүк Африкада
Чавушоглу Түштүк Африка Республикасынын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Наледи Пандор менен Преторияда министрликте өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Африка континентине абдан көп дан жана жер семирткич жөнөтүлүшү керектигин айтты.
Чавушоглу Түштүк Африка Республикасынын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Наледи Пандор менен Преторияда министрликте өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Чавушоглу Пандор менен эки тараптуу жана эл аралык темаларда кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн, инфраструктура жана энергетика долбоорлорунда мүмкүнчүлүктөрдү баалагандарын белгилеп, тийиштүү органдардын ортосунда илимий жана технологиялык кызматташтык меморандумуна кол коюлганын кабарлады.
Аймактык жана глобалдык маселелер боюнча да пикир алмашкандарын билдирген Чавушоглу, Түркиянын Африкага болгон мамилесинин бирдей өнөктөштүк, өз ара урматтоо жана пайда тап стратегиясына негизделгенин белгиледи.
Украина тууралуу суроолорго жооп берген Чавушоглу Түркиянын бул темада чоң аракет кылганын, президент Режеп Таййип Эрдогандын башынан бери ок атышпоо үчүн да, туруктуу тынчтык үчүн да иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатканын айтты.
Чавушоглу: «Албетте биздин максатыбыз туруктуу тынчтык жана эки тарапка тең кабыл боло турган чечим. Бул согуштун сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенебиз. Канчалык эрте болсо ошончолук жакшы»,-деди.
Азык-түлүк коопсуздугу жана Африка элине колдоо көрсөтүүгө байланыштуу Чавушоглу бул темада олуттуу көйгөйлөр жаралганын, азык-түлүк жана энергетика коопсуздугунун өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Министр Чавушоглу Африка өлкөлөрүнүн чындап эле алда канча көп жер семирткич жана дан сатып алышы керектигин баса белгиледи.
Бул боюнча Орусия жана Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатышканын, Түркиянын бул мааниде Африкага эркин экспортту ишке ашыра аларын билдирди.
Чавушоглу: «Биз Түркия катары өнүгүп келе жаткан жана өнүкпөгөн өлкөлөргө, Африка континентине дагы көп дан жана жер семирткич жөнөтүлүшү керек деп эсептейбиз»,-деди.
Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонаронун жактоочуларынын Улуттук конгресс имаратына кирип баруусу тууралуу суроого жооп берген Чавушоглу, бул абалдын «чындыгында кабыл алынгыс» экенин жана «Түркияны тынчсыздандырганын» айтты.