Алтун: «Түрк басма сөз өкүлдөрү окуяларды реалдуу жана сергек көз караш менен түшүндүрөт»

Фахреттин Алтун 10-январь Эмгектенген журналисттердин күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

1930757
Алтун: «Түрк басма сөз өкүлдөрү окуяларды  реалдуу жана сергек көз караш менен түшүндүрөт»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун түрк басма сөз өкүлдөрүнүн аймактагы жана дүйнөдөгү окуяларды эл аралык коомчулукка реалдуу жана сергек көз караш менен түшүндүрүүнү уланта турганын айтты.

Фахреттин Алтун 10-январь Эмгектенген журналисттердин күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

Журналисттерди «чындыктын өкүлдөрү» деп аныктаган Алтун: «Кесиптин кордолбоосу үчүн эң чоң жоопкерчилик кайра эле чындык сызыгынан тайбаган журналисттерге жүктөлөт»,-деди.

Жалган маалымат жана кабарларга каршы эскерткен Алтун: «Өлкөбүздө акыркы жылдарда демократияны, укуктарды жана эркиндиктерди бекемдөө багытында жасалган кадамдар басма сөз жана сөз эркиндиги эң кеңири сезилген медиа климатты түзүүгө да шарт түздү. Албетте, мындай мүмкүнчүлүктүн террордук пропаганда жана дезинформация сыяктуу кара ниет максаттарда пайдаланылышына эч бир өлкө жол бербеси анык. Кесипти кыянаттыкка кабылтпоо жана анын аброюн  коргоо жагынан эң чоң жоопкерчилик кайра эле чындыктын сызыгынан чыкпаган журналисттерге жүктөлөт»,-деп өз баасын берди.

«Түркия кылымы» коммуникациянын да кылымы болоорун баса белгилеген Алтун: «Коммуникациянын эң маанилүү элементтеринин арасында орун алган басма сөз мүчөлөрүбүздүн өлкөбүздөгү, аймагыбыздагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды улутубузга жана эл аралык коомдук пикирге реалдуу жана сергек көз караш менен түшүндүрүүнү улантат деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар