Акар: «Сирияда Башар Асад режими менен сүйлөшүүлөр уланат»

Хулуси Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1930514
Акар: «Сирияда Башар Асад режими менен сүйлөшүүлөр уланат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сирияда Башар Асад режими менен сүйлөшүүлөрдүн улана турганын билдирди.

Хулуси Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Акар Дамаск менен болгон жолугушууларында террор менен күрөшүү жана иммиграция маселесине чечүүчү жол табуу үчүн аракет кылгандарын баса белгиледи.

Түркиянын максатынын террор жана миграция маселесине чечүүчү жол табуу экенин баса белгилеген Акар:«Биздин тилегибиз (Дамаск менен) сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулуктун болушу жана өлкөбүздө баш калкалап жаткан сириялык боордошторубуздун Бириккен Улуттар Уюмунун тексттеринде белгиленгендей өз ыктыяры менен, аман-эсен жана урматталган түрдө өз жерлерине кайтуулары»,-деди.

Министр Акар сөз болуп жаткан сүйлөшүүлөрдө Сириянын улуттук армиясын кыйын абалга келтире турган эч кандай чара көрбөгөндөрүн, мындан ары да жасабай тургандарын белгиледи.

Акар, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун күтүлбөгөн чектерге жетиши мүмкүн экенин эскертип: «Бул өрт мүмкүн болушунча тез арада өчүрүлүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар