Шентоп:«Армения өзүнүн кылгандары менен аймактын тынчтыгына коркунуч туудурууда»

Шентоп Антальяда өткөрүлгөн Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 13-Башкы Ассамблеясына катышкан Азербайжан Улуттук Парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова менен жолугушту.

1930203
Шентоп:«Армения өзүнүн кылгандары менен аймактын тынчтыгына коркунуч туудурууда»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Азербайжандын адилеттүү ишин ар дайым колдоп келгенин айтып: «Армения өзүнүн кылгандары менен аймактын тынчтыгына коркунуч туудурууда»,- деди.

Шентоп Антальяда өткөрүлгөн Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 13-Башкы Ассамблеясына катышкан Азербайжан Улуттук Парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен Азербайжандын ортосунда уланып жаткан жакын карым-катнаштар жана АПАнын алкагында аткарыла турган иштер талкууланды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны менен Азербайжан Парламентинин ортосунда өткөн жылдарда кол коюлган кызматташтык протоколдорунун жаңыланышы темасы алдыга чыкты.

Мындан тышкары Армениянын азербайжан жерлерине болгон мамилесине нааразы экендиктери айтылып, маселенин эл аралык аянтчаларда күн тартибине коюлушу керектиги баса белгиленди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп, Армениянын Орусия, Азербайжан жана Армениянын үч тараптуу декларациясындагы милдеттенмелерин аткарышын күткөндөрүн айтты.

Түркиянын Азербайжан менен карым-катнаштарынын маанисине токтолгон Шентоп: «Түркия ар дайым Азербайжандын адилеттүү ишин колдойт. Армения кылгандары  менен аймактагы тынчтыкка коркунуч келтирүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар