Чавушоглу: «Бүткүл Африка менен карым-катнашыбызды дагы да өнүктүрүү үчүн талыкпай иштейбиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түштүк Африка Республикасына сапарынын алкагында Түркиянын Кейптаундагы башкы консулдугунун жаңы элчилик кампусунун ачылышына катышты.

1930207
Чавушоглу: «Бүткүл Африка менен карым-катнашыбызды дагы да өнүктүрүү үчүн талыкпай иштейбиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түштүк Африка Республикасына сапарынын алкагында Түркиянын Кейптаундагы башкы консулдугунун жаңы элчилик кампусунун ачылышына катышты.

Министр Чавушоглу шаардын борборундагы Портсайд имаратында Башкы консулдуктун кеңсесинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Түштүк Африканын ортосундагы үзгүлтүксүз өсүп жаткан соода көлөмүнө көңүлдөрдү буруп: «Өткөн жылга салыштырмалуу биздин эки тараптуу сооданын көлөмү былтыр 50 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түздү, бирок потенциал бир топ жогору. Келечекте 10 миллиард доллар тууралуу сүйлөшөбүз деп ишенем. Муну көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар»,-деди.

Бул үчүн эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да күчөтүшү керектигин белгилеген Чавушоглу: «Түркия катары биз да мында барбыз. Түркия катары бүткүл Африка менен карым-катнашыбызды дагы да өнүктүрүү үчүн талыкпай иштөө приоритеттерибиздин бири»,-деп айтты.

Чавушоглу Түркия менен Түштүк Африканын ортосундагы карым-катнаштардын тарыхый тамырларына көңүлдөрдү буруп: «Кейптаундагы Башкы консулдугубуздун расмий ачылышын жасоо менен биз бул баалуу тарыхый мурасты да коргойбуз»,-деди.

THY күнүмдүк Стамбул-Кейптаун каттамдары менен түрк жана түштүк африкалыктардын ортосундагы байланышты арттырганын белгилеген Чавушоглу: «Жакында Маариф фондубуз Кейптаун шаарында түрк мектебин ачып, ортобуздагы байланышты бекемдейт. Кейптаундагы Башкы консулдугубуз да Түштүк Африка менен кызматташуубуздун өнүгүшүнө салым кошот»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар