Ибрахим Калын Россия - Украина согушу тууралуу билдирди
Калын CNN International телеканалында катышкан программада Россия - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалдарга баа берди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Россиянын Украинада убактылуу ок атышпоо жарыялоосунун 36 сааттан ашуусу керектигин, эки тарап жолугушуп, кагылышууну токтото ала турган шарттарды түзүү үчүн бардык аракетти көрсөтүүсү керектигин айтты.
Калын CNN International телеканалында катышкан программада Россия - Украина согушуна байланыштуу акыркы абалдарга баа берди.
Россиянын Украинада "36 сааттык бир тараптуу ок атышпоону" жарыялоосуна карата ой жана реакциясы суралган Калын президент Режеп Таййип Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин жана Укриананын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө бир тараптуу ок атышпоо чакыруусун кайталагандыгын, өзгөчө ошондой эле өз ара ок атышууну токтотууга чакырганын айтты.
"Бул (ок атпоо) 36 саатка эмес, андан да узартылышы керек",- деген Калын, азырынча өз ара ок атышпоо келишиминин түзүлө албагандыгын, мунун «согуштун канчалык туңгуюкка айланганын көрсөткөнүн» айтты.
Калын эки тараптын да согуш талаасында так жыйынтыкка жете турган ааблда эмес экендигин белгилеп, алдыбыздагы күндөрдө өзгөчө Запорожье атомдук станциясынын айланасындагы аймактарда ок атышпоо үчүн иштерди уланта тургандарын баса белгиледи.
Түркиянын эмне үчүн "бир тараптуу ок атышпоо чакырыгы" тууралуу суроого жооп берген Калын :«Бул согушту улантып жаткан жана ар кандай сүйлөшүүлөрдү кыйындаткан нерсе Россиянын бомбалоосу»,-деди.
Калын, согуштун Украинада болуп жатканын, ошондуктан украиналыктардын Россиянын бул бомбалоосу жана согушту токтотпостон сүйлөшүүгө баруу аракетинен күмөн санаганын белгиледи.
Катчы Калын бир айдан кийин Россия - Украина согушуунн биринчи жылына кирерине көңүлдөрдү буруп, согуштун ушундай улантылышына уруксат бериле турган болсо, 2023 - жылдын экономика, энергетика, дан жана азык - түлүк коопсуздугу жактан кыйын жыл болорун айтты.
Эл аралык Валюта Фондунун 2023-жылдын 2022-жылга караганда дагы кыйын жыл болорун болжолдогондугун белгилеген Калын, глобалдык рецессиянын чоң экономикаларда көрүнө турганын белгиледи.
Президенттиктин басма сөз катчысы Калын : "Мунун баарын эске алып, биз бул жерде чындап эле реалдуураак узак мөөнөттүү перспективаны алып, эки тарап чогулуп, кагылышууну токтото ала турган шарттарды түзүүгө бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек",- деди.