Эрдоган айыл чарба экосистемасы жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия катары  Украина портторунан дан өткөрүүнү баштап адамзатты чоң кризистин босогосунан чыгаргандарын белгиледи.

1929231
Эрдоган   айыл чарба экосистемасы жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия катары  Украина портторунан дан өткөрүүнү баштап адамзатты чоң кризистин босогосунан чыгаргандарын белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда Зираат банкынын айыл чарба экосистемасы жыйынында сөз сүйлөдү.

Жердин жашоонун негизги булагы катары маанисинин чоң экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Биз да жерибизге жана дыйканыбызга ээ чыгуунун маанисин билебиз. Жерди жана аны иштеткен дыйканга кайдыгер мамиле кылган өз келечегине кайдыгер болгон болот»,- деди.

Эрдоган Түркияны 5 негизги принципте өстүрө тургандарын баса белгиледи.

Дыйкандарды колдоо насыясын ишке ашыра тургандарын баса белгилеген президент мындан ары да дыйкандарды колдоону улантышарын билдирди.

2022 -  жылы 24 -  февралдан бери болуп келе жаткан Россия  -  Украина согушунан улам Украина портторунан жасалган дан өткөрүүнүн үзгүлтүккө учураганын жана мунун глобалдык азык-түлүк менен камсыздоо көйгөйүн жаратканын баса белгиледи.

Эрдоган : «Дан ташуунун үзгүлтүккө учурашы ачарчылык коркунучун ортого чыгарды. Түркия катары жүргүзүп жаткан дан ташууну баштоо менен адамзатты чоң кризистин босогосунан алып чыктык»,-деди.



Тектеш кабарлар