Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркиянын Украинага гуманитардык жардамдары жана энергетикалык колдоосу менен дан коридорундагы жагдайлар каралды.

1928726
Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Түркиянын Украинага гуманитардык жардамдары жана энергетикалык колдоосу менен дан коридорундагы жагдайлар каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркия катары Орусия менен Украинанын ортосунда туруктуу тынчтыктын орношуна көмөктөшүү жана ортомчулук милдетти алууга даяр экендиктерин билдирди.

Туткун алмашуу иштеринин уланып жатканын белгилеген Эрдоган, Запорожье атомдук станциясына байланыштуу процессти ылдамдатуу үчүн дипломатиялык салым кошо ала тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар