Түркияда депортацияланган мигранттардын саны

Миграцияны башкаруу иштерине байланыштуу 2022-жылкы көрсөткүчтөр жарыяланды.

1926965
Түркияда депортацияланган мигранттардын саны

Түркияда былтыркы жылы 124 миң 441 мыйзамсыз мигрант депортацияланды.

Ички иштер министрлигинин Миграция башкармалыгынын социалдык медиа баракчасынан жарыяланган видеолуу билдирүүдө, миграцияны башкаруу иштерине байланыштуу 2022-жылкы көрсөткүчтөр камтылды.

Буга ылайык өткөн жылы 280 миң 206 мыйзамсыз мигранттын өлкөгө киришине бөгөт коюлду. Кармалган мигранттардын саны 236 миң 572 деп катталды. Өткөн жылы депортацияланган мыйзамсыз мигранттардын саны 124 миң 441 болгон.

Депортацияланган мыйзамсыз мигранттардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 161 пайызга өстү. Депортация процесси уланып жаткандар жана кайра кармалгандар эсепке алынбаганда депортациянын ийгиликтүү деңгээли 71 пайызды түздү.

Кайра кайтаруу борборлорунун саны 30га, сыйымдуулугу 20 миң 540ка чейин көбөйтүлдү.

Учурда Түркияда 3 миллион 535 миң 898 сириялык жашайт. Өткөн жылы Сириядагы коопсуз аймактарга 58 миң 758, ушул убакка чейин болсо 539 миң 332 сириялык өз каалоосу менен кайтып барды.

Социалдык биримдик жана жашоо тренингдеринин алкагында былтыр 1 миллион 395 миң 55, ал эми бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 549 миң 680 адам окутулду.

Миграциялык кеңеш берүү борборлору 1 миллион 164 миң 362 адамга кызмат көрсөттү. Жалпы, кесиптик, түрк тили, сабаттуулук жана Куран курстары сыяктуу окутуулардын алкагында 1 миллион 948 миң 224 кишиге жетишилди.

Адам аткезчилиги, мигранттардын аткезчилиги жана деңиздерден чыга албай калуу сыяктуу себептерден улам чукул жардам сурап кайрылган 1024 мыйзамсыз мигрант куткарылды.



Тектеш кабарлар