Түркия менен Болгариянын ортосунда жаратылыш газ тармагында кызматташуу келишими

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Болгарияга барды.

1927385
Түркия менен Болгариянын ортосунда жаратылыш газ тармагында кызматташуу келишими

Түркия менен Болгариянын ортосунда жылына 1,5 миллиард метр кубга чейин жаратылыш газын өткөрө турган кызматташтык келишимине кол коюлду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Болгария сапарынын алкагында барган Министрлер кеңешинин кеңсесинде болгар кесиптеши Росен Христов тарабынан тосуп алынды.

Дөнмез менен Христовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн аземде эки өлкөнүн ортосунда жаратылыш газ тармагында кызматташтык келишимине кол коюлду.

Министр Дөнмез кол коюу аземинен кийинки билдирүүсүндө, кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун эки өлкөнүн ортосундагы жаратылыш газ тармагындагы кызматташтыкты жана байланыштарды дагы да өнүктүрөөрүнө ишенгендигин баса белгиледи.

«Өз ара түшүнүшүү меморандуму Балкан аймагынын жаратылыш газ коопсуздугун жогорулатууда да маанилүү кадам болот. Бул келишимдин мөөнөтү 13 жылды түзүп, жылына 1,5 миллиард куб метрге чейин газ өткөрүлөт. Европанын, өзгөчө Болгариянын жаратылыш газынын коопсуздугуна чоң салым кошот»,-деп айтты.

Болгариянын энергетика министри Христов да кол коюлган келишимди “тарыхый документ” деп мүнөздөп: «Бул келишимдин негизинде биз дүйнөдөгү бардык жаратылыш газ өндүрүүчүлөрүнөн жаратылыш газын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Түркияга чейин жете турган газдын көлөмүнөн биз дагы пайдалана алабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар