Айдын облусунда 2 миң 350 жылдык тумулу табылды

Облустук маданият жана туризм директору Үмүт Тунжер жана Айдын Аднан Мендерес университетинин (ADU) классикалык археология бөлүмүнүн доценти доктор Айдын Эрөн изилдөө жүргүзүлгөн Куштур аймагында билдирүү жасашты.

1927495
Айдын облусунда  2 миң 350 жылдык тумулу табылды

Айдын облусунун Кушадасы районунда жүргүзүлгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр учурунда 2 миң 350 жылдык тумулу табылды.

Облустук маданият жана туризм директору Үмүт Тунжер жана Айдын Аднан Мендерес университетинин (ADU) классикалык археология бөлүмүнүн доценти доктор Айдын Эрөн изилдөө жүргүзүлгөн Куштур аймагында билдирүү жасашты.

Эрөн 1950 - жылдардан бери бар экендиги белгилүү болгон, бирок убакыттын өтүшү менен үстү жабылган тумулдун ордун аныктап, ачкандарын айтты.

Тумулдун диаметри 23 метрлик тегерек болгон аймактын ичинде дээрлик алгачкы күндөгү  формасын сактагандыгын  айткан Эрөн : "Батыш Анадолуда мынал"Батыш Анадолуда мынчал"Батыш Анадолуда мындай бекем күмбөздү табуу абдан кыйын. Эллинизм доору, тактап айтканда  300-350-жылдар аралыгындагы мындай бекем күмбөз архитектурасы бир нече мисалда гана кездешет",- деди.

Облустук маданият жана туризм директору Тунжер тумулдун курулушундагы чеберчилик жана курулуш техникасы түзүмдүн жогорку сапатта экенин көрсөтүп жатканын айтты.

Аймакта илимий казуу иштерин баштоо үчүн демилге көтөрүп жатышканын баса белгилеген Тунжер : "Мүрзөнүн чоңдугу, курулуп жаткандагы жасалгасы да көмүлгөн адамдын социалдык абалынан кабар берет. Бул ошол доордун падышасы, ошол доордун  жогорку даражалуу башкаруучуларынын бири же жогорку даражалуу кол башчынын сөөгү коюлганын көрсөтүүдө".

 

 



Тектеш кабарлар