2022-жылы Байкардан 1,18 миллиард доллар экспорт...

Байкардын Твиттер эсебинен фирманын 2022-жылдагы экспорт көрсөткүчтөрү тууралуу билдирүүдө 18 өлкө менен жаңы экспорт келишимине кол коюлганы белгиленди.

1926871
2022-жылы Байкардан 1,18 миллиард доллар экспорт...

Түркияда жайгашкан машина өндүрүү жана коргонуу компаниясы Байкар, 2022-жылы 1,18 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды.

Байкардын Твиттер эсебинен фирманын 2022-жылдагы экспорт көрсөткүчтөрү тууралуу билдирүүдө 18 өлкө менен жаңы экспорт келишимине кол коюлганы белгиленди.

Бөлүшкөн маалыматтарга караганда, экспорттук келишимге кол коюлган өлкөлөрдүн саны 27, ал эми 2022-жылдагы экспорттук кирешеси 1,18 миллиард долларды түздү.

2022-жылдагы контракттарда экспорттун көрсөткүчү 99,3 пайызды түздү.

Байкардын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактар ​​бул темада Твиттер эсебинен бөлүшүп: «Өз капиталыбыз менен иштеп чыккан улуттук жана уникалдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (УУА) аркылуу дүйнөдөгү эң мыктылардын катарына кирдик. 2022-жылы кол койгон келишимдердеги экспорттун үлүшү 99,3 пайызды түзөт. Байрактар ​​Кызылелманы да биздин экспорттук кирешелер менен өнүктүрөбүз»,-деп айтты.

Байкардын башкы директору Халук Байрактар ​буга кошумча: «Биз 20 жылдан бери иштеп келе жаткан жогорку технологиялуу улуттук жана оригиналдуу учкучсуз учуучу аппарат платформалары менен өлкөбүз үчүн иштөөнү улантып жатабыз. 2022-жылы кол койгон келишимдердеги экспорттун үлүшү 99,3 пайызды түздү. Сыймыктанабыз»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар