Эрдогандын Твиттердеги бөлүшүүлөрү...

Президент Эрдоган өкмөттүн 2022-жылдагы иш-аракеттерин социалдык медиа эсептеринен жыйынтыктады.

1926189
Эрдогандын Твиттердеги бөлүшүүлөрү...

Президент Режеп Таййип Эрдоган 2022-жылы Түркияга берилген кызматтарды Твиттер эсебинен 254 билдирүү менен баалады.

Президент Эрдоган өкмөттүн 2022-жылдагы иш-аракеттерин социалдык медиа эсептеринен жыйынтыктады.

2022-жылы 20га жакын аталыштагы 254 пост менен өлкөдө аткарылган кызматтар жана долбоорлорду түшүндүргөн Эрдоган, ар бир пост үчүн атайын сүрөттөрдү колдонду.

Президент Эрдогандын бөлүшүү сериясы 2023-жылдын биринчи мүнөтүнө чейин созулду.

Эрдогандын билдирүүлөрүндө Чанаккале жеңишин көрсөтүү үчүн саат 19.15те Чанаккале 1915 көпүрөсүнө, Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата саат 20.23тө электр унаасы ТOGGго жана Стамбулдун каратылышынын 600 жылдыгына арнап саат 20.53тө Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Кызылелмага бөлүндү.

Президент Эрдоган күн ичинде жасаган бардык сүрөттөрүн камтыган видеону кийинчерээк «Түркия кылымы» аттуу ыр менен бөлүшүп: «2022-жылы гана аткарган жумуштарыбыздын жана кызматтарыбыздын кыскачасы сааттарга жана күндөргө сыйбайт... Республикабыздын 100 жылдыгында дагы көптөгөн кызматтар жана долбоорлор менен элибиздин алдында болобуз деп ишенем. Биргеликте #Түркия кылымын этап-этабы менен тарыхка киргизебиз»,-деген сөз айкаштарын колдонгон.



Тектеш кабарлар