Сойлу: «Ванда ПККнын 5 мүчөсү кармалды»

Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

1924864
Сойлу: «Ванда ПККнын 5 мүчөсү кармалды»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Ванда кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 кишинин ок-дары жана жардыруучу заттар менен бирге кармалганын кабарлады.

Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө, Ванда эртең менен террористтерге каршы операция жүргүзүлгөнүн айтып: «Вандагы бул топко биз көптөн бери байкоо салып жатканбыз. Алар кол салууга даярданып жатышкан. Буйрукту Ирандан алышкан», - деди.

Террордук уюм ПККнын шаар түзүмү экени аныкталган 5 кишилик топтун кол салууга даярдангандыгын айткан Сойлу: «Кол салууну чогуу ишке ашырабыз деп ойлогон 5 кишилик топ ок-дарылар жана жардыруучу заттар менен бирге колго түшүрүлдү», - деп маалымдады.



Тектеш кабарлар