Эрдоган Абдуллах бин Мухаммед Аль Шейхти кабыл алды

Президенттик комплекстеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.

1923848
Эрдоган Абдуллах бин Мухаммед Аль Шейхти кабыл алды
suudi sura meclisi baskani abdullah bin muhammed al seyh-senop.jpg
suudi sura meclisi baskani abdullah bin muhammed al seyh-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабия Кеңешинин төрагасы Абдуллах бин Мухаммед Аль Шейхти кабыл алды.

Баш калаа Анкарада Президенттик комплекстеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.

Эрдоган-Аль-Шейх жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге аймактык маселелер талкууланды.

Кабыл алууда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп да болду.

Шентоп Ал-Шейх жана аны коштогон делегация менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуу өткөргөн болчу.

Өлкөлөр ортосундагы өз ара байланыштардын карым-катнаштардын өнүгүшүнө жана кызматташтыктын бекемделишине салым кошконун айткан Шентоп, саясий тармактагы байланыштардын да экономикалык жана соода карым-катнаштарына күч кошо турганын белгилеген.



Тектеш кабарлар