Фахреттин Алтун: «Түркия менен Ливия чыныгы оюндарын өз кызыкчылыктарына ылайык курушту»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Ливиянын борбор шаары Триполиде өткөн Коммуникация форумуна катышты.

1923070
Фахреттин Алтун: «Түркия менен Ливия чыныгы оюндарын өз кызыкчылыктарына ылайык курушту»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркия менен Ливиянын орток эрк жана чечкиндүүлүк менен көрсөткөн кызматташтык жана тилектештик аркылуу аймакта ырааттуулук жана тынчтыкты бузууну максат кылгандардын аракетине жол бербей тургандарын айтты.

Алтун Ливиянын борбор шаары Триполиде өткөн Коммуникация форумуна катышты.

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе тарабынан ачылган форумда сөз сүйлөгөн Алтун, Түркия катары аймактык кризистерге жана глобалдык кагылышууларга карата реалдуу, адеп-ахлактык, гуманитардык жана чынчыл чечимдерди ортого салууга аракет кылгандарын баса белгиледи.

Алтун Түркиянын улуттук укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон, өлкөнүн коопсуздугун бекемдеген кадамдарды биринин артынан бири ташташып, тынчтык дипломатиясы аркылуу аймактык жана глобалдык маселелерге да чечүүчү жолдорду сунуштагандарын белгиледи.

Түркиянын жалган маалымат кампанияларына эң көп дуушар болгон өлкө экенине көңүл бурган Алтун, Түркия-Ливия карым-катнаштарынын да жапа чегип жатканын айтып:«Анткени Түркия менен Ливия регион боюнча кимдир бирөөлөр тарабынан жасалган эсептөөлөрдү бузуп, чыныгы оюндарын өз кызыкчылыктарына ылайык курушту»,-деп айтты.

Түркияга каршы көптөгөн жалган маалымат кампанияларын иштен чыгара алгандарын түшүндүргөн Алтун: «Түркиянын Коммуникация моделибизди, бул тармакта өнүктүргөн потенциалыбызды жана тажрыйбабызды досторубуз менен бөлүшүүгө даярбыз»,-деп айтты.

Алтун, Элон Масктын Twitter социалдык медиа платформасы менен АКШнын Коргоо министрлигинин ортосундагы карым-катнашты документтештирип ачыкка чыгарганына токтолуп:«Түркияга каршы террордук пропаганда жасаган аккаунттарга каршы эч кандай кадам таштабаган Твиттердин бул иш-аракеттери системалуу жалган маалымат»,- деди.



Тектеш кабарлар