Чавушоглу Йемен менен тез арада консулдук кеңешме өткөрүүнү каалагандарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Йемендик кесиптеши Ахмед Авад Бин Мубарак менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1922407
Чавушоглу Йемен менен тез арада консулдук кеңешме өткөрүүнү каалагандарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Йемен менен тез арада консулдук кеңешме өткөрүүнү каалагандарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Йемендик кесиптеши Ахмед Авад Бин Мубарак менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу Йемендин Түркия жана түрк калкы үчүн өзгөчө орду бар экенин белгилеп: «Йемендеги гуманитардык кризис олуттуу өлчөмгө жетти. Йемен элинин жарымынан көбү азык-түлүк кризиси менен бетме-бет келүүдө. Биз бул кыйын күндөрдө Йемендин жанында турууну улантып жатабыз. Украинадан келген 37 миң данды Түркияга тартып, унга айлантып Йеменге жибердик»,-деди.

Йемендик жаштарга Түркия стипендиясын берүүнү уланткандарын баса белгилеген Чавушоглу:«Быйыл 79 студентке стипендия бердик. Түркияда 7 миңден ашуун студент билим алат. Бир гана дипломаттарды окутуу  жетишсиз, Йемендин коопсуздугу маанилүү. Коопсуздук башкы директорлугубуз Йемен полициясы үчүн окуусун улантууда. Йеменде ырааттуулукка жетишилгенде жардамыбызды арттырууну улантабыз»,-деп айтты.

Чавушоглу Йемен менен тез арада консулдук кеңешме өткөрүүнү каалагандарын айтты.

Бир тараптан Чавушоглу Талибан башкаруусунун Ооганстандагы студент кыздардын университетте билим алуусун токтотуу чечимине каршы чыгып: «Студент кыздардын билим алуусуна тыюу салынышы бизди абдан капа кылды. Бул тыюу исламдык эмес, гуманитардык да эмес. Биз бул чечимди четке кагабыз. Талибан бул чечимден баш тартышын күтөбүз. Биз ооган боордошторубузга билим жана стипендия берүүнү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар