Улуттук коргоо министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы "Кандуу рождество" шейиттерин эскерди

Румдардын  Кипр түрктөрүнө карата баштаган кол салууларынын натыйжасында 364 киши шейит болуп, 103 түрк айылы эвакуацияланган.

1921863
Улуттук коргоо министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы "Кандуу рождество" шейиттерин эскерди

Улуттук коргоо министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасында рум террордук уюму ЕОКА террористтери тарабынан 1963 -  жыл 21 -  декабрда Кипр түрктөрүнө карата баштатылган жана тарыхта «Кандуу рождество» деп аталган кыргында шейит болгондорду  жарыялаган билдирүүсү менен эскерди.

Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берилген маалыматында 59 жыл мурун бул күнү рум террордук уюм ЕОКА тарабынан Кипр түрктөрүнө карата пландалган жана ырайымсыз кол салуулары эске салынды. Кол салууда Кипр түрктөрүнүн каза болгондугу билдирилмп, булар белгиленди : «59 жыл мурун Кипр түркү рум террордук уюму ЕОКА тарабынан мыкаачылык жана жапайычылык менен өлтүрүлдү. «Кандуу рождество» деп аталган окуяларда жүздөгөн боордошторубузду, балдарыбызды, кары - картаңдарды жана аялдарды жапайычылык менен өлтүргөн кипрдик рум террористтерин наалаттап, шейиттерибизди эскеребиз».

Маалыматта кол салуулар тууралуу видеого да орун берилди.  1963 - жыл 21 – декабрда румдардын  Кипр түрктөрүнө карата баштаган кол салууларынын натыйжасында 364 киши шейит болуп, 103 түрк айылы эвакуацияланган.



Тектеш кабарлар