Ички иштер министрлиги ПКК террордук уюмунун боз категорияда изделгендер тууралуу билдирди

Гүчлүконак районунун Габар тоо аймагында 3 террорист куралдары менен таасирсиз абалга келтирилди.

1918455
Ички иштер министрлиги ПКК террордук уюмунун боз категорияда изделгендер тууралуу билдирди

Ички иштер министрлиги Шырнакта таасирсиз абалга келтирилген 3 террористтен экөөсүнүн боз категорияда изделген ПКК террордук уюмунун лидерлеринен экендигин билдирди.

Министрликтен берилген маалыматка караганда, «Эрен блокада күз -  кыш  - 15 операциясынын» негизинде Шырнакта жүргүзүлгөн операцияда Гүчлүконак районунун Габар тоо аймагында 3 террорист куралдары менен таасирсиз абалга келтирилди.

Таасирсиз абалга келтирилген террористтердин бирөөсүнүн «Террордон изделгендер тизменсинде «боз» категорияда орун алган уюмдун YJA-Star деп аталган каймана аты «Сылав Кочер» Бехие Качар экени аныкталды.

Боз категориядагы башка террорист болсо уюмдун атайын күчтөрүндөгү «Агит Низип» каймана аттуу Якуп Демир экендиги аныкталды.

Террорист Демирдин 2019 – жылы 6 -  майда Габар тоосунун Карагечит аймагында  6 - жөө аскерлер десанттык бригадасынын командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияда жөө аскер Гөркем Аккуш шейит болгон куралдуу кол салууга катышканы аныкталды.

Операциялардын уландысында кагылышууга кирген жана  үңкүрдө камалган ПККнын Габар фронтунун Гели командасынын жооптуусу,  «Бермал Зилан» каймана аттуу Михрибан Секмен да курал – жарактар менен тирүү колго түшүрүлдү.

2017 – жылы Хаккаринин Шемдинли элетинде террор уюму ПКК/КЖК - ПЙД/ЙПГ тарабынан 2017-жылы жасалган көптөгөн куралдуу кол салууларга катышкан  террорист кармалгандан кийин сот тарабынан камакка алынды.



Тектеш кабарлар