Түрк кысыктарынан өтө турган мунай кемелери...

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин Деңиз иштери боюнча башкы башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен Түрк кысыктарынан өткөн чийки мунай жүктөлгөн кемелер тууралуу ырастоо каты көрсөтүлүп билдирүүлөр жасалды.

1917623
Түрк кысыктарынан өтө турган мунай кемелери...

Кара деңиз багытынан Түрк кысыктарын кесип өтүүнү каалаган 24 чийки мунай танкеринин сегизи Босфор кысыгынан суралган маалыматты камтыган P&I камсыздандыруусунун жарактуу экенин тастыктаган катты көрсөтүп өттү.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин Деңиз иштери боюнча башкы башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен Түрк кысыктарынан өткөн чийки мунай жүктөлгөн кемелер тууралуу ырастоо каты көрсөтүлүп билдирүүлөр жасалды.

Билдирүүдө, керектүү процедураларды аткарган танкерлердин өтүшүнө уруксат берилгени айтылып: «1-декабрдан кийин Кара деңиз тарабынан Түрк кысыктарын кесип өтүүнү каалаган 24 чийки мунай танкеринин 8и, биз сураган маалыматты камтыган P&I камсыздандыруусунун жарактуу экенин тастыктаган катты көрсөтүү менен Босфор кысыгы аркылуу өтүшүн аяктады. Алар өткөөл планга кабыл алынган жана эртең (бүгүн) өтүшү күтүлүүдө»,деген маалымат киргизилген.

Билдирүүдө, калган 12 чийки мунай танкеринин тийиштүү тастыктоо катын тапшыра электигинен улам күтүүнү улантып жатканы белгиленип: «1-декабрдан бери тийиштүү тастыктоо катын тапшырбаган 12 чийки мунай танкеринин 9у Евробиримдиктин чек араларында. Бул кемелердин 8и Грецияга, үчөө Гонконгго таандык»,деген маалымат бөлүштү.

Англис тилиндеги Protecting жана Indemnity (компенсация) сөздөрүнүн баш тамгаларынан турган P&I; Бул Түрк кысыктарында кемелердин айлана-чөйрөгө, башкалардын кургактагы жана деңиздеги мүлкүнө келтирген материалдык зыянынан, башка кемелерге келтирилген материалдык зыяндан, атүгүл үчүнчү жактардын денесине келтирилген зыяндан жана кыйраган кемени алып салуудан милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат.



Тектеш кабарлар