Силиври жаратылыш газ кампасынын ачылышы

Түркия дагы бир чоң инвестицияны ишке киргизүүдө.

1917765
Силиври жаратылыш газ кампасынын ачылышы
dogal gaz.jpg
silivri dogal gaz depolama tesisi.jpg

Кубаттуулукту жогорулатуу иштери аяктаган Силиври жаратылыш газ кампасынын экинчи этабы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 16-декабрда ачылат.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия энергия менен камсыздоо коопсуздугу тармагында дагы бир чоң инвестицияны ишке киргизүүдө.

Түркиянын 3,2 миллиард куб метр сактоо сыйымдуулугу жана суткалык 28 миллион куб метр өндүрүштүк кубаттуулугу менен биринчи жер астындагы жаратылыш газ ишканасы БОТАШка таандык Силиври жаратылыш газ кампасынын кубаттуулугун жогорулатуу максатында 18 кудукта кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, деңиздин үстүнө 2 аянтча орнотулду.

Ушундайча 2-этабы ишке бериле турган объектинин кубаттуулугу 4,6 миллиард куб метрге чейин көбөйтүлүп, суткалык кайра өндүрүмдүүлүгү 75 миллион куб метрге чейин жогорулады. Ири объект ушул абалы менен Түркиянын жылдык жаратылыш газ муктаждыгынын болжол менен 8 пайызын камсыздай турган абалда.

Күнүмдүк кайра өндүрүштүк кубаттуулугу менен муктаждыктын төрттөн бир бөлүгү кыштын эң катаал күндөрүндө бул ишканадан камсыздалат.

Объекттин электр керектөөсүн 4,2 мегаватт кубаттуулуктагы шамал турбинасы камсыздайт.

Жаңы кубаттуулугу менен кызмат кыла турган ири объект 16-декабрда боло турган аземде президент Эрдоган тарабынан ачылат.

Бир тараптан Туз Гөлү жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайда кеңейтүү иштери уланууда. Учурда 1,2 миллиард куб метр болгон кампанын сыйымдуулугу да 5,4 миллиард куб метрге чейин көбөйтүлөт. Иштердин 2 жылдын ичинде бүтөрү күтүлүүдө.

Бул объекттин ишке кириши менен Түркиянын жаратылыш газын сактоо көлөмү 10 миллиард куб метрге жетет.



Тектеш кабарлар