Европа Биримдигинен Түркияга колдоо

Билдирүүдө бул каражаттардын 2021-2023-жылдар аралыгында Түркиядагы качкындарга Европа Биримдигинин жардамы үчүн 2021-жылдын июнь айында жарыяланган кошумча 3 миллиард евро пакетинин бир бөлүгү экени кабарланды.

1917990
Европа Биримдигинен Түркияга колдоо

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясы Түркиянын чыгыш чек арасындагы көзөмөлдү жакшыртуу үчүн 220 миллион евро колдоо көрсөтө турганын жарыялады.

Комиссиянын билдирүүсүндө, бүгүн бекитилген 220 миллион евролук акыркы пакет менен Европа Биримдигинин Түркиядагы качкындар жана чек араны башкаруу боюнча программаларындагы колдоосунун 2022-жылы 1,2 миллиард еврого жеткени белгиленди.

Билдирүүдө бул каражаттардын 2021-2023-жылдар аралыгында Түркиядагы качкындар үчүн Европа Биримдигинин жардамынын 2021-жылдын июнь айында жарыяланган кошумча 3 миллиард евро пакетинин бир бөлүгү экени кабарланды.

Евробиримдик комиссиясынын коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели өз билдирүүсүндө: «Бул жардам пакети, качкындарды кабыл алуу жана мыйзамсыз миграция агымына каршы күрөшүүдө Евробиримдиктин Түркия менен кызматташуу убадасын аткарууну улантып жатканын көрсөтүүдө»,-деди.

Европа Биримдигинин Түркия менен 2016-жылдын март айындагы Миграция келишиминин алкагында кызматташтыгын улантууну каалаганын баса белгилеген Вархели, 220 миллион евролук пакет менен Түркиянын чыгыш чек араларында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн алдыңкы технологиялык байкоочу жабдуулардын камсыздала турганын айтты.

Билдирүүдө Түркиянын 2015-жылдан бери дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө экени, Түркияда 4 миллионго жакын баш калкалоочунун бар экени, Түркиянын бул темада мактоого арзырлык аракет кылганы белгиленди.

Европа Биримдигинин 2015-жылдан бери Түркиядагы качкындар үчүн 9,5 миллиард евролук жардамды бекиткени айтылды.

Булардын жалпы 6 миллиард евросунун 2016-жылдын 18-мартындагы Түркия-Европа Биримдиги келишиминин алкагындагы жардамдарды камтыганы, бүгүнкү күнгө чейин 4,9 миллиард евросунун төлөнүп берилгени маалымдалды.



Тектеш кабарлар