Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, энергетика баш болгон Түркия-Орусия карым-катнаштары каралды, дан коридору жана террор менен күрөшүү сыяктуу аймактык маселелерге баа берилди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, энергетика баш болгон Түркия-Орусия карым-катнаштары каралды, дан коридору жана террор менен күрөшүү сыяктуу аймактык маселелерге баа берилди.
Президент Эрдоган телефондогу сүйлөшүүдө биргелешкен аракет менен ушул убакка дейре 13 миллион тоннадан ашуун эгиндин муктаждарга жетүүсүн камсыздагандарын айтты жана дан коридорунун алкагында түрдүү азык-түлүктөрдү жана акырындык менен башка товарларды экспорттоо боюнча иштерди баштаса болоорун билдирди.
Президент Эрдоган 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну чын жүрөктөн каалаганын айтты.
ПКК/ЙПГ/ПЙДнын Сириянын түндүгүндөгү жикчил аракеттери менен Түркияны бутага алган террордук кол салуулардын уланып жатканына көңүл бурган президент Эрдоган, 2019-жылдагы Сочи келишимине ылайык, чек арадагы террористтердин биринчи кезекте чек арадан 30 километрден кем эмес аралыкка чейин тазаланышынын приоритеттүү жана маанилүү экенин айтты.
Тектеш кабарлар

Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 50 миң 96га жетти
Юнус Сезер жер титирөөлөрдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.