Чавушоглу Алжир менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкка баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Алжирдин тышкы иштер министри Рамтане Ламамра менен «Түркия-Алжир биргелешкен пландоо тобу (OPG) жыйналышынан» кийин биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөштү.

1917339
Чавушоглу Алжир менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкка баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Алжир менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын бүткүл аймак үчүн пайдалуу боло турганын айтты.

Чавушоглу Алжирдин тышкы иштер министри Рамтане Ламамра менен «Түркия-Алжир биргелешкен пландоо тобу (OPG) жыйналышынан» кийин биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөштү.

Чавушоглу Алжир менен соода, айыл чарба, балыкчылык, өнөр жай, энергетика, деңизчилик, аскердик, коргонуу өнөр жайы, маданият жана билим берүү тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Өткөн жылга салыштырмалуу эки тараптуу соодада 30 пайыздык өсүү болгонун жана бул жылы 5 миллиард доллардан ашаарына ишенгендерин баса белгилеген Чавушоглу, эки өлкөнүн ортосундагы 10 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүү үчүн ар бир кадамды уланта тургандарын айтты.

Дүйнөдө энергетикалык кризистер бар экенин эске салган Чавушоглу, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын жаратылыш газ соодасы, кен казуу жана биргелешкен геологиялык чалгындоо иштери сыяктуу ар башка өлчөмгө ээ экенине көңүл бурду.

Чавушоглу, кесиптеши менен транспорт, деңиз ташуу жана биргелешкен кеме өндүрүшү темаларын талкуулагандарын айтып: «Декабрдын башында Түркия менен Алжирдин ортосундагы жумалык каттамдардын санынын 55ке чыгышы да элдерибиздин ортосундагы байланышты арттырат»,-деди.

Министр Чавушоглу кесиптеши менен эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жана коргонуу өнөр жайында таштала турган кадамдарга баа бергенин да билдирди.

Чавушоглу Түркиянын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүсүнө көрсөткөн күчтүү колдоосу үчүн Алжирге ыраазычылык билдирди.

Түркия менен Алжирдин Палестина боюнча эки өлкөнүн позициясы жана мамилесинин бирдей экенин жана өзгөрбөй турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Түркия катары Алжирдин палестиналык тараптардын ортосундагы жарашууга багытталган баалуу аракеттерин катуу колдойбуз. Бул аракеттери үчүн аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ливиянын туруктуу тынчтыгы жана ырааттуулугу боюнча Алжир менен бирдей пикирдебиз. Бир тууганым Рамтанды Анталья дипломатия форумунун жыйналыштарына да чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар