Министр Киришчи : "13, 3 миллион тонна дан өткөрүлдү"
Киришчи Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында бюджеттик талкууда сөз сүйлөдү.

Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи дан коридору аркылуу ушул убакка чейин 13 миллион 300 миң тонна эгиндин ташылганын билдирди. Киришчи Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында бюджеттик талкууда сөз сүйлөдү. 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушунун глобалдык азык - түлүккө тийгизген терс таасиринин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги менен чечилгенин билдирген Киришчи: "8 - декабрга карата Дан коридорунан 13,3 миллион тонна эгин ташылып, анын 57,5 пайызы Европага, 23,9 пайызы Азияга, 11,6 пайызы Африкага жана 6,8 пайызы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, Украинанын эгиндерин сатып алуучулары бай өлкөлөр болгон. Биз өлкө катары адилеттүү бөлүштүрүү үчүн көп аракет кылып жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар

Жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 50 миң 96га жетти
Юнус Сезер жер титирөөлөрдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.