Түркия уникалдуу тышкы саясат моделин карманууда

TRT World Forum-2022 башталды.

1917099
Түркия уникалдуу тышкы саясат моделин карманууда

«Түркия уникалдуу тышкы саясат моделин карманууда»

  Лидерлердин башын бириктирген TRT World Forum-2022 Стамбулда «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен башталды. Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын дүйнөгө үлгү боло турган уникалдуу тышкы саясат моделин карманганын айтты.

ТРТнын дүйнө күн тартибине багыт берген иш-чарасы TRT World Forum 2022 Стамбулда башталды. Быйыл алтынчы жолу өтүп жаткан иш-чарага 40 өлкөдөн 100гө жакын эл аралык белгилүү баяндамачы катышууда. Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун форумда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын бул мезгилде бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган уникалдуу тышкы саясат моделин ортого салганын белгилеп, Түркиянын тышкы саясат моделин мүмкүн кылган негизги өзгөчөлүктүн стратегиялык жана элдештирүүчү лидерлик экенин айтты.

«Бүткүл дүйнө Түркиянын глобалдык тынчтыкка салым кошкон күч экенин кабыл алды»

Түркиянын акыркы 20 жылда жетишкен саясий ырааттуулук, экономикалык ишеним жана социалдык тынчтыктын негизинде адамдарды борборго койгон динамикалуу жана көп өлчөмдүү тышкы саясат ийгилигин көрсөткөнүн билдирген Алтун: «10 айдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда жүргүзгөн тынчтык дипломатиябыз, бүлкүл дүйнөнүн Түркияны глобалдык тынчтыкка салым кошкон «стабилдештирүүчү» күч катары кабыл алганын көрсөттү. Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары процессиндеги Түркиянын аракеттери глобалдык террор менен күрөшүүдө маанилүү милдеттенмелерди жана жылыштарды камсыз кылды. Албетте буларга байкоо салууну улантабыз»,- деди.

«Түркиянын глобалдык келечекке болгон көз карашы жаңы суук согуштун алдын алуу»

Түркиянын аймактык маселелерге аймактык чечүүчү жол табуу принцибин урматтаганын айткан Алтун: «Анткени биз ачуу тажрыйба менен Жакынкы Чыгыштан Балкан өлкөлөрүнө, Кара деңизден Чыгыш Жер Ортолук деңизине чейин кайсы гана аймакка болбосун чет элдик кийлигишүүлөрдүн кризистерди курчутуп, трагедияларды жаратканын көрүп жатабыз»,-деди.

Алтун Түркиянын тышкы саясат моделинин дагы бир критикалык темасынын да глобалдык поляризациялардын алдын алуу жана жаңы суук согуштарды болтурбоо экенин баса белгилеп: «Түркиянын тышкы саясатын айырмалаган дагы бир нерсе болсо гуманитардык кризистердин, глобалдык азык-түлүк, энергетикалык жана климаттык көйгөйлөрдүн чечилишинде алдыңкы ролду ойношу. Булардан тышкары жек көрүүчүлүк, исламофобия жана антисемитизм менен күрөшүү да өлкөбүз жетектеген жана глобалдык ырааттуулукту орнотуу үчүн кызматташууга чакырган тармактардын арасында»,-деди.

«Системалуу дезинформациялык кыймылдар коомдун тынчтыгын жана бейпилдигин бутага алууда»

Алтун: «Жек көрүүчүлүк, исламофобия жана антисемитизм менен күрөшүү өлкөбүз жетектеген жана глобалдык ырааттуулукту орнотуу үчүн кызматташууга чакырган тармактардын арасында. Албетте маалымат согуштарына жана дезинформациялык операцияларга каршы потенциалды арттыруу жана альянстарды түзүү да эл аралык аренадагы маанилүү багыттарыбыздын бири жана бул биздин тышкы саясат моделибиздин маанилүү тиреги болуп саналат. Бүгүнкү күндө комплекстүү түрдө жүргүзүлүп жаткан системалуу жалган маалымат таратуу иштери улуттук, аймактык жана глобалдык стабилдүүлүктү, жеке укуктарды, коомчулуктун тынчтыгын жана бейпилдигин бутага алып жатканына баарыбыз күбөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар