Собажы: «Африка, перс жана испан санарип каналдарыбыз жолдо»

Стамбулда быйыл 6-ирет уюштурулган TRT World форумунун ачылыш сөзүндө ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы медиага байланыштуу өзүнүн ойлорун бөлүштү.

1917110
Собажы: «Африка, перс жана испан санарип каналдарыбыз жолдо»

Пресс-релиз 09.12.2022

 

ТРТнын башкы директору Собажы: «Африка, перс жана испан санарип каналдарыбыз жолдо»

 

Стамбулда быйыл 6-ирет уюштурулган TRT World форумунун ачылыш сөзүндө ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы: «Эгин кризисинде коридор ачкан, туткун алмашууда коопсуздукту камсыздаган, Ковид-19 эпидемиясында 150дөн ашуун өлкөлөргө жардам берген жана 8 миллиард кишинин ар бири үчүн күрөшкөн Түркия «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» экенин мазмуну, сөзү жана иш-аракети менен ачыкка чыгарды»,-деди.

Быйыл 9-10-декабрда «Келечекти калыптандыруу: Белгисиздиктер, чындыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен 6-ирет өткөрүлгөн TRT World Forum 2022нин ачылыш сөзүндө: «Жакшы келечек үчүн биз учурдагы кырдаалды бардык айкындыгы менен көрсөтүп, белгисиздикти мүмкүнчүлүккө айландыруу потенциалын баалоо менен дүйнө келечегин үмүттү көздөй бардыгыбыз бирге алып барышыбыз керек»,-деп айткан ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы мындай деди:

«Кыркка жакын өлкөдөн жүзгө жакын баяндамачылар жана миңден ашык катышуучулар менен биз алдыдагы эки күндүн ичинде боло турган пикир алмашуунун маанисин жана баалуулугун баалашыбыз керек. Бүгүн Түркия дүйнөдөгү идеялардын, көз караштардын жана башка үндөрдүн жуурулушуусун камсыздап, талкуулоо мүмкүнчүлүгүн түзүп жатат. Бирок андан тышкары Түркия президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде согушту тынчтык менен алмаштыруу, маселени чечүү жолу менен алмаштыруу жана белгилүү бир топтун артыкчылыгынын ордуна бардык адамдардын укуктарын коргоо принциптери менен жоопкерчиликти өзүнө алуудан тартынбайт».

«Түркия эл аралык маселелер чечилгенге чейин консенсустун негизинде кризисти башкарууда»

Президент Эрдоган жүргүзгөн лидерлик дипломатия менен Түркиянын көптөгөн глобалдык кризистин чечилишинде чечүүчү ролду ойноп, тараптарды жакындаштырганын жана диалог үчүн коопсуз порт болгонун белгилеген Собажы сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Дан кризисинде коридор ачкан, туткун алмашууда коопсуздукту камсыздаган, Ковид-19 эпидемиясында 150дөн ашуун өлкөгө жардам берген жана 8 миллиард адамдын ар бири үчүн инсандык жашоо үчүн күрөшкөн Түркия «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» деген иш-аракетин мазмунда, сөзүндө жана иш-аракетте көрсөтүүдө.  Ушул жагынан алганда президентибиз Режеп Таййип Эрдоган мырза эл аралык саясат тармагында бир чечимге келгенге чейин бардык тараптар менен кызматташуу жана ынтымакка негизделген процессти башкарууда».

 

«ТРТнын эл аралык каналдары калыстык менен көрсөтүлүүдө»

Глобалдык маселелердин чечилишинде медиага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеген Собажы медиа уюмдарынын бүт окуяларга, карым-катнаштарга, адамдарга жана маселелерге күзгү болушу керектигин белгиледи. Мунун бир кесип эмес, жоопкерчилик маселеси экенин баса белгилеген Собажы:«Бул туура жүргүзүлүшү керек болгон чындык үчүн чын жүрөктөн күрөш. Бүгүн биз дүйнөлүк коммуникация системасында туура менен калптын, чындык менен иллюзиянын чырмалышканын көрүп турабыз. Кээде атайылап, кээде аң-сезимсиз түрдө жасалган бул башаламандыкка каршы туруу үчүн бир гана жол бар: Бүткүл дүйнөгө фильтрлер менен эмес, адилеттүү көрүнүш издегич аркылуу карай билүү; күчтүү-алсыз деп бөлбөй, калыстык принцибинин негизинде журналистика менен алектенип, эфирге чыга билүү.

Бул жерде TRT World жана чет тилдердеги бардык эл аралык каналдарыбыз ушундай негизги көз караш менен таасир чөйрөсүн кеңейтүү менен жолун улантууда».

 

«TRT Africa, TRT Persian and TRT Spanish санарип каналдары жолдо»

Эл аралык берүүлөрүн күндөн-күнгө кеңейтип жатышканын белгилеген Собажы сөзүн төмөнкүчө жыйынтыктады: «Быйыл түптөгөн TRT French жана TRT Balkan каналдарынан тышкары, эл аралык санарип кабар каналдары TRT Afrika, TRT Persian жана TRT Spanish кийинки мезгилде эфирге чыга баштайт. Албетте, ТРТ үй-бүлөсү катары жыл бою уюштурган берүүлөрүбүз жана көптөгөн эл аралык иш-чаралар менен глобалдык жана аймактык темаларга басым жасайбыз. Бул контекстте Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы катары бир булактан азыктанган жана көп жылдардан бери бир уюлдуу түрдө ишке ашырылган глобалдык маалымат агымы жана кабылдоо процесстерине катуу комментарий беребиз. Урматтуу президент, ушул иштердин баарын аткарып жатып, ар бир тармакта өлкөбүзгө алып келген өзүңүзгө болгон ишенимиңизден колдоо алабыз. Биз сиздердин дүйнөлүк масштабдагы «адилеттүү дүйнө» үчүн күрөшүңүзгө медиа тармагындагы эң мыкты аракетибизди кошууга умтулуп жатабыз».



Тектеш кабарлар