Чавушоглу: "Батыш Фракия түрктөрүн эч качан жалгыз калтырбайбыз"

Министр Чавушоглу борбор шаар Анкарада Батыш Фракия Түрк азчылыгынын консультативдик кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

1916759
Чавушоглу: "Батыш Фракия түрктөрүн эч качан жалгыз калтырбайбыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Батыш Фракия түрктөрүн эч качан жалгыз калтырбай тургандарын айтты.

Министр Чавушоглу борбор шаар Анкарада Батыш Фракия Түрк азчылыгынын консультативдик кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Чавушоглу жолугушууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасап: «Греция Лозанна келишимин жана мекендештерибиздин негизги адам укуктарын бузууну улантууда. Биз Батыш Фракия түрктөрүн эч качан жалгыз калтырган жокпуз, жалгыз калтырбайбыз!»,-деди.

Чавушоглу Грециянын Батыш Фракиядагы Түрк азчылыгынын «түрк» өздүгүн тааныбаганына көңүл бурду.

Грекиянын Түрк азчылыгына таандык мектеп, фонд, бирикме жана коомдук уюмдардын аталыштарында «түрк» сөзүнүн колдонулушуна уруксат бербегенин билдирген Чавушоглу, Афинанын түрк азчылыгынын уюмдашуу эркиндигин да тебелегенин баса белгиледи.

Европа Адам укуктары сотунун Грецияны бул мыйзам бузуулары үчүн үч жолу соттогондугун эске салган Чавушоглу, Афина бийлигинин 15 жылдан бери Европа Адам укуктары сотунун бул өкүмдөрүн аткарбаганына басым жасады.

Чавушоглу: «Греция Түрк азчылыгына өз диний өкүлдөрүн шайлоого уруксат бербей жатат. Грециянын жаңы муфтийлик мыйзамы 1923-жылкы Лозанна тынчтык келишимине карама-каршы келет жана Түрк азчылыгын негизги адам укуктарынан ажыратууда. Греция Батыш Фракиядагы түрк фондунун мүлктөрүн конфискациялоодо. Греция негизсиз финансылык текшерүүлөрдү жана салык жазаларын колдонуу менен Түрк азчылыгын дискриминациялоодо»,-деп айтты.

Грециянын акыркы 15 жылда 90дон ашуун түрк азчылык башталгыч мектебин жапканына көңүл бурган Чавушоглу, жаңы түрк азчылык мектептеринин ачылышына да уруксат бербей жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар