Грециянын мигранттарга мамилеси ачыкка чыкты

Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1915929
Грециянын мигранттарга мамилеси ачыкка чыкты

Деңиз күчтөрү командирлигине таандык учкучсуз учуучу аппарат, 4-декабрда Эгей деңизинде Грециянын жээк коопсуздук катерлери тарабынан мыйзамсыз мигранттардын Түркиянын аймактык сууларына түртүлүшүн көрсөттү.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «2022-жылдын 4-декабрында Эгей деңизинин Бозбурун жээгинин түштүгүндө, Грециянын Жээк коопсуздук кызматынын катерлери тарабынан мыйзамсыз мигранттардын резина кайыктарга которулуп, Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөндүгүн Деңиз күчтөрү командирлигибизге таандык учкучсуз учуучу аппаратыбыз аныктады. Кырдаал дароо Жээк коопсуздук командирлигине билдирилип, мыйзамсыз мигранттардын куткарылышы камсыз кылынды»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, пилотсуз аппарат тарткан видеолор да орун алды.



Тектеш кабарлар