Togg Стамбул аэропортунда көргөзүлө баштады

Аэропортто унааны фотосүрөткө тартууну каалагандар унаанын айланасына топтотулушту.

1915456
Togg Стамбул аэропортунда көргөзүлө баштады
togg istanbul havalimani.jpg
togg istanbul havalimani.jpg
togg istanbul havalimani.jpg

Түркиянын Togg унаасынын Sedan үлгүсү Стамбул аэропортунун тышкы каттамдар терминалында көргөзүлө баштады.

Аэропортто жергиликтүү жана чет элдик жүргүнчүлөрдүн чоң кызыгуусун жараткан унааны фотосүрөткө тартууну каалагандар унаанын айланасына топтотулушту.

Нидерландияда жашаган Мухаррем Угурлу басма сөзгө берген маалыматында, электрдик унаа колдонуучусу экенин белгилеп Тоггдун ички жана сырткы дизайнын жактырганын айтты.

Унаанын абдан кооз жана стилдүү экенин билдирген Угурлу: «Албетте ичине отуруп, аны айдап көрүү керек. Бул мага абдан жакты. Сатып алууну пландап жатам»,-деди.

Стамбулдан Туниске бара жаткан жүргүнчү Мухаммед Махжуб болсо унааны көрөр замат текшерип көргүсү келгенин айтты.

Аэропортто унааны көрүүнүн күтүүсүз болгонун түшүндүргөн Махжуб: «Унаа сонун экен, аны көрүп аябай таң калдым. Мага сырткы дизайны абдан жакты. Өтө жагымдуу экен»,-деди.

Бир тууганы Абир Махжуб да Тоггдун абдан өзгөчө унаа экенин жана аны аябай жактырганын айтты.

Унаанын эшиктеринин укмуштуудай кооз экенине көңүл бурган Махжуб: «Мен буга чейин мындай моделди көргөн эмесмин. Бул абдан фантастикалык, анын сонун дизайны бар»,-деди.

Ички жана сырткы дизайны менен жүргүнчүлөрдүн суктануусун алган Тогг айдын аягына чейин Стамбул аэропортунда көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар