Керкүктөн Анкарага биринчи түз каттам

Иракта мурда аскердик база катары колдонулган Керкүк аэропорту 20-октябрдан тарта ички жана эл аралык каттамдарга ачылган болчу.

1915028
Керкүктөн Анкарага биринчи түз каттам

Ирактын Керкүк шаарынан борбор шаар Анкарага биринчи түз каттам ишке ашты.

Керкүк аэропортунун басма сөз катчысы Херди Самед, Ирак аба жолдорунун кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00дө Керкүк эл аралык аэропортунан Анкарага биринчи рейсин жасаганын билдирди.

Керкүк менен Анкаранын ортосунда аптасына бир жолу каттам жүргүзүлө турганын белгилеген Самед, алдыдагы жумаларда каттамдардын көбөйүшүнүн күтүлүп жатканын айтты.

Иракта мурда аскердик база катары колдонулган Керкүк аэропорту 20-октябрдан тарта ички жана эл аралык каттамдарга ачылган болчу.



Тектеш кабарлар