Түркия Судандагы келишимди кубаттайт

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1914979
Түркия Судандагы келишимди кубаттайт

Түркия Суданда «алкактык келишимине» кол коюлушун кубаттагандарын маалымдады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул келишимдин Судан элинин күтүүлөрүн актай турган жана бардык тилкелерди камтый тургандай түрдө ишке ашырылышын каалагандары айтылды.

«Алкактык келишимине» кол коюлушунун кубатталганы баса белгиленген билдирүүдө: «Суданда тынчтыктын, бакубатчылыктын жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө маани беребиз, ушул убакка чейин болгондой эле Судандын жана судандык боордошторубуздун жанында болууну улантабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Армиянын карамагындагы жана бир жылдан ашык убакыттан бери саясий кризисти башынан өткөргөн Суданда аскерлер менен жарандардын ортосунда жаңы өткөөл мезгилди баштай турган, жарандык өкмөт жана демократиялык шайлоонун жолун ача турган «алкактык келишимине» бүгүн борбор шаар Хартумда эл аралык жана аймактык катышуу менен кол коюлду.


Этикеткалар: #Түркия Суданда

Тектеш кабарлар