Октай: "Өнүгүүнү улантабыз"

Фуат Октай 2023-жылдын бюджети боюнча сүйлөшүүлөрдө баяндама жасады.

1914942
Октай: "Өнүгүүнү улантабыз"

Вице-президент Фуат Октай Түркиянын 2023-жылдагы бюджети менен аймактагы тынчтыкты дагы да бекемдеп, жаңы өнүгүүлөрүн уланта турганын билдирди.

Фуат Октай Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешиндеги 2023-жылдын бюджети боюнча сүйлөшүүлөрдө баяндама жасады.

Түрк экономикасынын 2020-жылдын экинчи жарымынан бери көрүлгөн эффективдүү чаралардын негизинде, көптөгөн өлкөлөр кескин кыскарган коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде да оң жол менен өсүүгө жана айырмаланууга жетишкенине көңүл бурган Октай, 2022-жылдын тогуз айында 6,2 пайызга өскөн түрк экономикасынын күчтүү позициясын сактап кала алганын айтты.

Экспорттун 225 миллиард доллардан ашканын белгилеген Октай, энергетика жана өнөр жай тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн локалдаштырууну жана улутташтырууну уланткандарын маалымдады.

Октай Чукурова мунай аянтында болжол менен 800 миллион доллар резервдик мунайдын табылышын ишке ашырышкандарын, аймактагы өндүрүлө турган мунай резервинин болжол менен 8 миллион баррель болоорун болжолдогондорун айтты.

Октай: «Кара деңизден 170 километр алыстыктан куур аркылуу келе турган ички газыбызды келерки жылдын биринчи чейрегинде улуттук жаратылыш газ өткөрүү системасына жеткирүү үчүн күн санап жатабыз»,-деди.

Октай ошондой эле бүткүл дүйнөдө чоң таасир калтырган Түркиянын электр унаасы Тоггду 2023-жылдын биринчи чейрегинин аягында жолдордо көрүү үчүн аракеттердин уланып жатканын билдирди.

Өлкө ичинде жана тышында терроризмге каршы күрөштүн болсо чечкиндүүлүк менен жүрүп жатканын кабарлаган вице-президент: Коргонуу жана коопсуздук бөлүктөрүбүздүн муктаждыктарын өз убагында жана жеринде канааттандыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоону улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар