Эрдоган:«Жаштарыбыздын билими, жетилүүсү жана өзүнө болгон ишеними Түрк кылымынын эң чоң кепилдиги»

Президент Эрдоган Шанлыурфанын Халилийе районунда өткөрүлгөн «Жаштар жолугушуулары» программасына катышты.

1914504
Эрдоган:«Жаштарыбыздын билими, жетилүүсү жана өзүнө болгон ишеними Түрк кылымынын эң чоң кепилдиги»

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаштардын билими, жетилүүсү жана өзүнө болгон ишеними Түрк кылымынын эң чоң кепилдиги экенин айтты.

Президент Эрдоган Шанлыурфанын Халилийе районунда өткөрүлгөн «Жаштар жолугушуулары» программасына катышты.

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган, барган дээрлик ар бир шаарда жаштар менен жолугушууга өзгөчө маани бергендерин баса белгиледи.

«Мен келечегибизди ишенип тапшыра турган жаштарыбыздын дүйнөгө, мамлекетибизге, өзүбүзгө, өз өмүрүнө болгон терең кыраакылыгын көрүп абдан кубандым»,-деп айткан Эрдоган Түркия Республикасынын жаңы кылымын (2023-ж.) «Түрк кылымы» деген көз караш менен тосуп алууга даярданып жатышканда эң көп жаштардын энергиясына, өндүрүүчүлүгүнө, умтулууларына ишенишкенин баса белгиледи.

«Биз дүйнөгө эмес, дүйнө жүзү Түркияга карасын»,-деп айткан Эрдоган:«Жаштарыбыздын билими, жетилүүсү жана өзүнө болгон ишеними Түрк кылымынын эң чоң кепилдиги»,-деди.

 



Тектеш кабарлар