Алтун «5-декабрь Түрк кофеси күнүнө» карата өз билдирүүсүн бөлүштү

Түрк кофеси бүткүл дүйнөдө достукту бекемдөөнү улантууда.

1914966
Алтун «5-декабрь Түрк кофеси күнүнө» карата өз билдирүүсүн бөлүштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун «5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнө» байланыштуу социалдык тармактагы баракчасынан видео куттуктоосун бөлүштү.

Алтун билдирүүсүндө: «Бүгүн Дүйнөлүк түрк кофеси күнү. 2013-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген, өзгөчө бышыруу ыкмасы, тартууланышы жана даамы менен маданиятыбыздын теңдешсиз элементтеринин бири болгон түрк кофеси бүткүл дүйнөдө достукту бекемдөөнү улантууда»,-деди.

Видеодо дүйнөдө күн сайын ондогон түрлөрү демделген кофенин эң баалуу экономикалык байлыктардын бирине айланганына көңүл бурулду.

Ошондой эле дүйнөнүн бардык жеринде даамдалган түрк кофесинин, бир кофе болуу менен эле чектелбестен башка өлкөлөрдөгү адамдарды Анадолунун даам жана жылуулугуна байланыштырганы айтылды.

Алтун бир тараптан Түркиядагы бардык өлкөлөрдүн элчилерине түрк кофеси менен чыныларын белек кылды.

Фахреттин Алтун элчилерге жолдогон кайрылуусунда түрк кофесинин өзгөчө даамы менен катар достуктун, меймандостуктун, ырайымдуулуктун жана чын ыкластуулуктун символу катары түрк маданий турмушунда өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи.

«Бир чыны кофенин кырк жылдык эс тутуму бар» деген сөздүн түрк кофесинин кандайдыр бир суусундуктан алда канча жогору экенине көңүл бурган Алтун: «5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеси күнүнөн улам өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы достуктун чыңдалышын каалайм», - деди.



Тектеш кабарлар