«Абдүлхамид Хан» бургулоо ишин баштады

"Абдулхамид Хан" Түркиянын "Фатих", "Кануни" жана "Явуздан" кийинки төртүнчү бургулоочу кемеси болуп саналат.

1914883
«Абдүлхамид Хан» бургулоо ишин баштады

«Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси Жер Ортолук деңизиндеги Ташужу-1 кудугунда бургулоо иштерин баштады.

Түрк мунай корпорациясынын (TPAO) Твиттер баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Абдүлхамид Хан бургулоочу кемеси Жер Ортолук деңизиндеги Ташужу-1 кудугунда бургулоо иштерин баштады. Көз карандысыз энергия, күчтүү Түркия максаты менен иштөөнү улантып жатабыз»,-деп айтылды.

"Абдулхамид Хан" Түркиянын "Фатих", "Кануни" жана "Явуздан" кийинки төртүнчү бургулоочу кемеси болуп саналат.

Жетинчи муундагы технологияга ээ болгон кеменин узундугу 238 метр, туурасы 42 метр. Кош мунарасы жана 200 экипажы менен активдүү позициялоо системасына ээ болгон кеме 12 миң 200 метрге чейин бургулоо жөндөмү менен өзгөчөлөнүүдө.



Тектеш кабарлар