Эрдоган Англиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Улуу Британия карым-катнаштарын, айрыкча соода жана коргонуу өнөр жай тармагында жакшырта турган кадамдар талкууланды.
Анда президент Эрдоган, эки НАТО шериктеши катары карым-катнаштарда акыл-эс жана стратегиялык көз караштын үстөмдүк кыла турганына ишенимин билдирди.
Аймактык маселелер да каралган сүйлөшүүдө Эрдоган, Орусия менен Украинанын ортосунда тез арада сүйлөшүү үчүн негиздин кайрадан түзүлүшү бардык тараптардын кызыкчылыгында экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кипр маселесин чечүү үчүн жаңы жана конкреттүү кадамдарды жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тектеш кабарлар

4 террорист көндүрүү жолу менен багынды
Үстүбүздөгү жылы көндүрүү менен багынган террористтердин саны 5ке жетти.