Алтун Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинде сөз сүйлөдү

Алтун сөзүндө Түркиянын эл аралык аренадагы ролуна көңүлдөрдү бурду.

1913930
Алтун Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинде сөз сүйлөдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын «адилеттүү дүйнө мүмкүн» урааны менен жүргүзүп жаткан чындык үчүн күрөшүн коммуникация өлчөмүндө улантууга аракет кылгандарын белгиледи.

Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинде (Stratcom Summit) сөз сүйлөдү.

Түркиянын эл аралык аренадагы ролуна көңүлдөрдү бурган Алтун: «Глобалдык белгисиздиктер доорунда Түркия, президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында турукташтыруучу күчкө айланды. Аймактык күч жана глобалдык актер катары Түркия туруктуу өлкө болууну гана максат кылбастан, айлана-чөйрөсүн да турукташтырган күч катары активдүү тышкы саясат ийгилигин көрсөтүүдө. Мунун эң акыркы мисалы 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунда президентибиздин ишке ашырган тынчтык дипломатиясы»,-деди.

Фахреттин Алтун Түркиянын «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» урааны менен жүргүзгөн чындык үчүн күрөшүн коммуникация өлчөмүндө улантууга аракет кылгандарын билдирди.

Бир тараптан батыш медиа борборлуу дүйнө көз карашынын негизинде түзүлгөн глобалдык саясий жана экономикалык тартиптин бүгүнкү күндө структуралык көйгөйлөр, кризистер, туюктуктар жана белгисиздиктердин алдында турганын баса белгилеген Алтун: «Жаңы медиа-технологиялары аркылуу биз дуушар болуп жаткан коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүшүбүз зарыл»,- деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун: «Post truth доорунда кибер мекендерибизди жалган маалыматтан, манипуляциялардан, агенттерден, кибер эксплуатациядан жана басып алуудан коргошубуз керек»,- деп айтты. 



Тектеш кабарлар