Акар: «Террор коридоруна биз уруксат берген жокпуз, бербейбиз»
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Чанаккаледе билдирүү жасады.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын шериктештерин « (Ирак жана Сирияда) Террорчуларды колдоону токтоткула!» деген чакырык салып, кызматташтык түзүлө турган күч Түркия Республикасынын мамлекети экенин белгиледи.
Хулуси Акар Чанаккаледе билдирүү жасады.
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында ушул убакка чейин 491 террористтин жок кылынганын баса белгилеген Акар: «Террор коридоруна биз уруксат берген жокпуз, бербейбиз»,-деди.
Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүп жаткан жалгыз армиянын Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) экенин белгилеген Акар: «4500 ДЕАШ террористин жок кылган армия түрк армиясы»,-деп айтты.
«Биздин маектештер; Орусия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана башка өлкөлөрдүн биз менен өз ара түшүнүшүү меморандумдары бар»,деген эскертүүнү жасаган Акар бул өлкөлөрдү убадаларын аткарууга чакырды.
Чек ара операцияларындагы жалгыз максатынын Түркиянын укуктарын жана мыйзамдарын коргоо экенин баса белгилеген Акар: «Биз эмне кылышыбыз керек болсо, убактысы жана орду келгенде, TКК ушул убакка дейре жасаганы сыяктуу жасоону уланта берет»,-деп айтты.
Министр Акар: «Террорчуларга колдоо көрсөтүүнү токтоткула, TКK турганда сиз менен кызматташа ала турган күч Түркия Республикасынын мамлекети сиздин шериктешиңиз»,-деди.
Кошуна Греция менен эл аралык укуктун негизинде сабырдуу диалогдо дайыма сунуштарды ортого салышканын белгилеген Акар:«Түркия коркунуч эмес, Түркия күчтүү, коопсуз жана эффективдүү союздаш»,-деп айтты.
Акар Түркиянын Украина-Орусия согушунда маанилүү фактор болгонун жана Азербайжандын адилеттүүлүгүнө ар түрдүү колдоолорду көрсөткөндөрүн айтты.
Улуттук коргоо министри Акар:«Кипр биздин улуттук маселебиз. Ошондуктан ал жерде биздин эпке келишибиз мүмкүн эмес»,-деди.