Түркия 17 адамдын жана 4 фирманын мүлкүн тоңдурду

Казына жана Финансы министрлиги тарабынан даярдалган «Активдерди тоңдуруу чечими» расмий гезиттин бүгүнкү санында жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

1913571
Түркия 17 адамдын жана 4 фирманын мүлкүн тоңдурду

Түркия ДЕАШ террордук уюму менен байланышы бар айрым жеке жана юридикалык жактардын террордук уюмдарды каржылаганына негиздүү далилдердин бар экенине таянып мүлктөрүн тоңдурууга чечим чыгарды.

Казына жана Финансы министрлиги тарабынан даярдалган «Активдерди тоңдуруу чечими» расмий гезиттин бүгүнкү санында жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

Буга ылайык, Түркиядагы ДЕАШ менен байланышы бар 17 адамдын жана 4 юридикалык жактын мүлктөрү мыйзам чегинде «терроризмди каржылоо» кылмышынын чегине кирген иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча жүйөлүү негиздер болгондугуна байланыштуу Терроризмди каржылоонун алдын алуу жөнүндө мыйзамдын алкагында тоңдурулду.

Мүлктөрү тоңдурулган ДЕАШка тиешеси бар реалдуу адамдар, Махер Дугайм, Хасан Дгаим, Бадеа Хакми, Нажиб Балек, Мустафа Аржа, Радван Саксоук, Мохамед Алла Саксоук, Хасан Саксоук, Хусейн Хусейн, Халед Саксоук, Мхд Ратеб Саксоук, Мхд Ратеб Саххабул, Ахмед Обиси, Межид Сукарие, Ясер Кибар, Ихсан Махди Салих Салих, Имед Бен Салах деп жарыяланды.

ДЕАШ менен байланышы бар юридикалык жактардын тизмесинде DXN Milano Commission Trade Ltd. фирмасы, Al Marai Import Export Industry and Trade Limited (Ltd). Company , Rsakuk Gold International Import Export Industry and Trade Ltd. фирмасы жана Universal Logistic Import Export Fair Organization Trade Ltd. фирмасы орун алды.



Тектеш кабарлар