Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор жана террористтерге каршы баатырдык күрөшүнүн уланып жатканы белгиленди.

1913123
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор жана террористтерге каршы баатырдык күрөшүнүн уланып жатканы белгиленди.

Бул алкакта Евфрат калканы аймагында 2 ПКК/ЙПГ террористинин таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

Бир тараптан дагы 3 террорист көндүрүү жолу менен коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Министрликтин координациясында Коопсуздук башкы башкармалыгы менен Жандармерия башкы командирлиги жүргүзгөн көндүрүү аракеттеринин натыйжасында бири MLKP, 2си ПККнын мүчөсү болгон 3 киши коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Уюм мүчөлөрүнүн 2010 жана 2014-жылдары террордук уюмга кошулуп, Сирия жана Иракта иш-аракеттерди жасаганы баса белгиленип, 2022-жылы ынандыруу менен гана багынып берген террористтердин саны 116га жеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар