Эрдоган:«Түркияны бардык жагынан үлгүлүү өлкө болууга алып келдик»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Улуттук билим берүү министрлиги (MEB) жана Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюму (OECD) менен биргеликте өткөрүлгөн «Кесиптик билим берүү саммитине» видео кайрылуу жөнөттү.

1913398
Эрдоган:«Түркияны бардык жагынан үлгүлүү өлкө болууга алып келдик»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, билим берүүнүн туруктуу экономикалык өсүү жана жалпы өнүгүү үчүн адамзаттын колундагы эң күчтүү инструменттердин бири экенин белгиледи.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Улуттук билим берүү министрлиги (MEB) жана Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюму (OECD) менен биргеликте өткөрүлгөн «Кесиптик билим берүү саммитине» видео кайрылуу жөнөттү.

Кесиптик билим берүү саммитинин пайдалуу болушун каалаган Эрдоган, билдирүүсүндө билим берүүнүн туруктуу экономикалык өсүү жана жалпы өнүгүү үчүн адамзаттын колундагы эң күчтүү куралдардын бири экенин белгиледи.

Эрдоган: «Алар дүйнөнүн кайсы жеринде жашабасын, бардык балдардын сапаттуу билимге жетүү укугу, адамдын универсалдуу адам укугу болуп саналат»,-деди.

Акыркы 20 жылдан бери жыл сайын бюджеттин эң чоң бөлүгүн билимге бөлүшкөндөрүн жана бул тармакта таштаган кадамдары менен чоң ийгиликтерге жетишкендерин баса белгилеген Эрдоган:«Түркияны бардык жагынан үлгүлүү өлкө болууга алып келдик»,-деп айтты.

Кесиптик билимге алып келген динамизм аялдардын жумуш менен камсыз болушунда да абдан маанилүү жакшырууларга алып келгенин белгилеген Президент, Улуттук билим берүү министрлиги менен OECDнин координациясында уюштурулган Кесиптик билим берүү саммитинин өлкөнүн тажрыйбасын бөлүшүү менен катар катышуучулардын баалуу идеяларды үйрөнүү үчүн бир каражат болоорун айтты.



Тектеш кабарлар