Эрдоган: «2023-жыл максаттарыбызга чечкиндүү баратып, Түрк кылымына да даярдануудабыз»
Эрдоган түз байланыш аркылуу катышкан Агры Хамур-Тутак-Патнос мамлекеттик жолунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын экономикада туура жолдо баратканын айтты.
Эрдоган түз байланыш аркылуу катышкан Агры Хамур-Тутак-Патнос мамлекеттик жолунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Түркиянын инвестиция, иш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана күндөлүк ашыкча аркылуу өсүү менен максаттарына жакындап жатканын баса белгилеген Эрдоган:«Кечээ жарыяланган 2022-жылдын үчүнчү чейрегинин өсүү көрсөткүчтөрү биздин туура багытта баратканыбыздын акыркы белгиси. Глобалдык саясий жана экономикалык кризистерге, согуштарга жана белгисиздиктерге карабастан 2023-жылдагы максаттарыбызга чечкиндүү түрдө алга жылып эле калбастан, Түрк кылымына да даярдануудабыз»,-деди.
Ата мекендик жана эл аралык инвесторлорду аларга сунушталган колдоону, стимулдарды жана жеңилдиктерди баалоого чакырган Президент:«Дүйнөнүн кайсы жерине барбайлы, маектештерибизге «келгиле, бирге киреше табалы» деп дайыма айтабыз. Өндүрүү, ишке орноштуруу, экспорттоо менен өлкөбүзгө салым кошууну каалагандардын бардыгына ушундай чакырык менен кайрылабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар

Эрдоган Айдындагы массалык ачылыш аземине катышты
Президент Эрдоган Айдындагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.