Эмине Эрдоган украиналык жетим балдар менен жолугушту
Эмине Эрдоган балдардын реабилитация процесси тууралуу жетекчилерден маалымат алды.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, Украинадан Түркияга алынып келинген жетим балдардын ишенимдүү колдо экенин билдирди.
Эмине Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленска менен 2-октябрда Стамбулдагы жолугушуусунда макулдашылган эвакуациянын биринчи кадамы катары Одесса Сонечко балдар үйүнөн борбор шаар Анкарага алынып келинген жетим балдар жана алардын тарбиячылары менен Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин балдар үйүндө жолугушту.
Эмине Эрдоган балдардын реабилитация процесси тууралуу жетекчилерден маалымат алды.
Балдарга өз-өзүнчө көңүл буруп, баарлашып, оюнчуктарды берген Эмине Эрдоган, ден соолугу начар 7 жашар баланын дарылануу муктаждыктары тууралуу жетекчилер менен сүйлөштү.
Сезимталдуу көз ирмемдер болгон сапарда балдар да Эмине Эрдоганга жакындан кызыгуу көрсөтүштү.
Балдар үйүнүн билим берүү, оюн класстары жана уктоочу бөлмөлөрүн кыдырган Эмине Эрдогандын бир бала менен болгон жылуу диалогу көңүлдөрдү бурду.
Украинанын Анкарадагы элчиси Василий Боднар да катышкан сапарда катышуучулар, Украинадан келген балдар жана алардын тарбиячылары менен фотосүрөткө түшүштү.
Биринчи айым Эрдоган Украинада кыйынчылыкка кабылган балдарды эвакуациялоо процессинин улана аларын, Түркиянын ар дайым жардамга даяр экенин да айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Путин менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Орусиянын президенти Путинди туулган күнү менен да куттуктады.