ДЕАШка мүчө 5 террорист кармалды

Террорго каршы күрөш уланып жатат.

1913449
ДЕАШка мүчө 5 террорист кармалды

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Шейиттерибиз үчүн, элибиз үчүн, мекенибиз үчүн талыкпай күрөшүүнү улантабыз. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-кулпу» операциясы аймагында аныктаган 3 ПКК террористин жок кылды»,-деп айтылды.

Бир тараптан Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) кабарлоосунун негизинде Сирия улуттук армиясына (СМО) караштуу жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШка мүчө 5 террорист курал-жарак жана жабдыктары менен колго түшүрүлдү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, колго түшкөндөрдүн бири Абу Сейф Тадмури/Абу Дужане каймана аттуу Мухаммед Халид Алинин, «Тынчтык булагы» операциясы аймагындагы жооптуусу экендиги жана Сириянын чөл аймагында иш алып барганы аныкталды.

Абу Өмер Корани каймана аттуу Мухаммед Салихтин уюмдун буйругу менен ар түрдүү кол салууларга катышканы, Абу Ислам Сало каймана аттуу Халит Мухаммед Иса Эл Хулу жана Абу Хасан Шами каймана аттуу Али Хүсейин Алинин уюмга караштуу кол салуучу катары кыймыл кылганы, Абу Хамза каймана аттуу Шади Ел Сетем Аль Алинин болсо «Тынчтык булагы» операциясы аймагында жарылуучу заттардын жооптуусу экени белгилүү болду.



Тектеш кабарлар